Суроо-жооп

  • Здравствуйте,я работаю в государственной школе свердловского района ,но временно проживаю(снимаю квартиру),относящаяся к Ыссыкатинскому району.Куда подавать заявку?В Свердловский акимиат по месту работы или по месту ВРЕМЕННОГО проживания?
    Добрый день, подавайте по месту временного проживания.
  • Келинчегим инфекционный больницада иштеп келет эмгек стаж 8-9 жыл азыркы учурда декретный отпуск та кандай кылып ипотека алсак болот
    Толук маалымат учун 988901,610661 телефондорго кайрылсаңыздар болот.
  • Саламатсыздарбы? мен ушул жылдын май айында Кадамжай районунан ипотека алууга арыз берген болчумун, бирок тизмеден чыкпай жатат ошол себептен кайрылып жатам. Рахмат.
    Документ тапшырган администрацияга кайрылыңыз.
  • саламатсыздарбы. жеке менчик мектепте иштегендерге программага катышууга мумкунбу?
    Саламатсызбы, азырынча ипотеканы мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткандар алып жатышат
  • Ипотекалык насыянын жогорку суммасы канча?
    Насыя 3 000 000 (үч миллион) сомго чейин берилет.
  • Ипотекалык насыянын максаттуу багыты?
    Турак жай сатып алуу. Жашаган жери боюнча калктуу пунктта жер тилкеси болсо, этабы менен каржылоо механизмин пайдалануу аркылуу турак жай (өз үйүн) куруу.
  • Алгачы төлөмдүн шарты кандай жана пайыздык чендердин суммасы эмнеге көз каранды?
    Пайыздык чендердин төмөндөөсү Программанын катышуучуларынын алгачкы төлөмүнөн көз каранды. Атап айтканда, 30%дан жогору төлөм учурунда даяр турак жайды сатып алууга же жеке турак жайды курууга насыянын пайыздык чени жылдык 8% түзөт. Алгачкы төлөм 20%-30% өлчөмүндө насыянын пайыздык чени жылдык 9%. Ал эми, алгачкы төлөмдүн 10%дан 20% чейинки суммасында же анын ордуна ушул суммага ылайык күрөө предмети коюлганда насыянын пайыздык чени жылдык 10% барабар болот.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыя менен алынуучу турак жайга карата талаптар кандай?
    Көп кабаттуу үйлөрдөгү батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашпоого тийиш.
    Жеке турак үйлөрдүн жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпоого тийиш.
  • Ипотекалык насыяны алуунун этаптары?
    1. Программанын катышуучусу арызды жана документтерди жергиликтүү мамлекеттик администрацияга беришет.
    2. Катышуучулардын тизмелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө жалпы чогултулган тизмени түзүү үчүн берилет.

    3. Жалпы чогултулган тизмени Мамлекеттик Ипотекалык Компания тандоо критерийлерине катышуучулардын документтеринин төп келүүсүн текшерүү үчүн алат.

    4. Мамлекеттик Ипотекалык Компания тарабынан каралган тизмелер өнөктөш коммерциялык банктарга жөнөтүлөт.

    5. Өнөктөш коммерциялык банктардын оң чечими кабыл алынгандан кийин катышуучу алгачкы төлөмүн төлөп, ипотекалык насыяны алат.
  • Программага катышууга арыз берүү үчүн зарыл документтердин тизмеси?
    Программага катышуу үчүн арыз;

    – паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);

    – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);

    – нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
    - балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);

    – акыркы 3 жылдын ичинде кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрүнүн болушу (жок экендиги) жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты (укукка ээ болуу маалымкаты) (жолдошуна жан 18 толо элек балдарына).

Задайте ваш вопрос:

Секретный код!