2016-жылдын 30-мартында Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын Токмок шаары боюнча биринчи насыясы расмий турдө берилди. Аны Токмок аймактык оорукананын кызматкери Бакеев Мирлан алды. Бакеев Мирлан –2016-жылдын 16-мартындагы Ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралган биринчи тизмедеги 185 катышуучунун бири.
2016-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Гүлмира Кудайбердиеванын башчылыгында Мамлекеттик турак жай маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-20120” программасынын чегинде ипотекалык насыяларды берүүнүн экинчи этабында комиссия 773 адамдан турган тизмени карап чыкты: http://gik.kg/ru/lists/
Биз Мирлан Маратовичке Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын шарттары боюнча насыя алгандыгы тууралуу фото, видео материалдарды даярдоого мүмкүндүк жана макулдук бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен, өз жаңы конушунда бактылуу үй-бүлөлөрдөн болушуна тилектешпиз!
“ЭлТР” ТВнин кабарчылары Гүлзара Бакаевага, Калия Дуйшебаевага, жана оператор – монтажер Жанадил Абубакир уулуна Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын иш-аракети тууралуу фото, видео материалдарды чеберчилик, ыкчамдык жана сапаттуу даярдап бергениңиздер үчүн терен ыраазычылык билдиребиз! Сиздерге бекем ден-соолук, кажыбаган кайрат, чыгармачыл ийгиликтерди каалап кетебиз!

