- Башкы бет
- Ипотека ийгиликтери
- Пайыздык чендер жаңы берилген насыялар үчун гана төмөндөтүлдү.
Пайыздык чендер жаңы берилген насыялар үчун гана төмөндөтүлдү.
"МИК" ААК-у жаңыдан гана берилген насыялар боюнча пайыздык чендердин төмөндөшү жөнүндө маалымдайт:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 17-120 18/10/2019 тапшырмасынын негизинде жана Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын Башкармасынын № 54 чечими менен 2019-жылдын 01 ноябрдан баштап жаңыдан берилип жаткан насыялардын пайыздык чендери төмөндөйт:
- Эгерде зайымчы сатып алынуучу турак жайдын баасынан 10-20 % баштапкы төгүм камсыздаса - 8 % жылдык пайыздык чен;
- Эгерде зайымчы сатып алынуучу турак жайдын баасынан 20-30 % баштапкы төгүм камсыздаса- 7 % жылдык пайыздык чен;
- Эгерде зайымчы сатып алынуучу турак жайдын баасынан 20-30 % баштапкы төгүм камсыздаса - 6 % жылдык пайыздык чен;
Жеке турак жай куруу үчүн :
- Курулуш мезгилинде жылдык-10% жылдык пайыздык чен.
- Турак жай курулушу аяктагандан кийин -6% жылдык пайыздык чен.
* Жеке турак жай механизми боюнча 1 ноябрга чейин бекитилген насыялар үчүн кийинки транштарды пайдалануу үчүн 11 % жылдык пайыздык чен. 2019-жылдын 01-ноябрынан баштап турак жайды куруу иштерин аяктап жана пайдаланууга берүүдөн кийин инвестициялык акчалай каражаттарды пайдалануу үчүн пайыздык чен жылдык 6 % пайыз эсебинде белгиленет.

