- Башкы бет
- Ипотека ийгиликтери
- Кузнецова Елена Геннадьевна "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучусу, ал ...
Кузнецова Елена Геннадьевна "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучусу, ал Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү № 44 мектебинде эмгектенет.
Кузнецова Елена Геннадьевна "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучусу, ал Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү № 44 мектебинде эмгектенет.

Кузнецова Елена: Мен өзүмдүн жумушумду абдан жакшы көрөм, биздин мектеп азыркы актуалдуу суроо-талаптарга ынгайлуу, анткени мектепте психологдун кабинети иштейт. Психолог күн сайын ар кыл курактагы балдар менен психологиялык иш жүргүзөт, алдын алуу боюнча түзөтүү иштерин жасайт, анткени мектепке көнүү, жүрүм-туруму жана окуусунда проблемалары бар балдар да бизде окуйт.
Мектепте тарбия иштери төмөндөгү багыттар боюнча жүргүзүлөт::
1. руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо;
2. экологиялык тарбиялоо;
3. жарандык-мекенчилдик тарбия берүү;
4. интелектуалдык өнүгүү;
5. спорттук — ден соолукту чыңдоо жагынан тарбиялоо;
6. кесиптик багыт;
7. мектепте жана класста өз алдынча башкаруу;
8. уюштуруу иштери;
9. социалдык жана класстык иштерин активдүү жасоо.
Мындан сырткары мектепте Мектеп парламенти иштейт жана "Жаш достор"балдар-өспүрүмдөр уюму иштеп жатат.
Жеке менчик мектептерде иштегенге көп сандаган сунуштарга карабастан, мен өз мектебинде гана иштеп калгам, себеби Кыргыз Өкмөтүнүн "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасы мага ипотекалык насыяны узак мөөнөткө төлөп берүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берди.

