- Башкы бет
- Ипотека ийгиликтери
- "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у "Арзан турак жай 2015-2020" багыты боюнча - "Ижара менен ...
"Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у "Арзан турак жай 2015-2020" багыты боюнча - "Ижара менен кийин сатып алуу " механизми аркылуу катышуучуларынын тизмелерин түзүү жөнүндө жарыялайт.
"Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у "Арзан турак жай 2015-2020" багыты боюнча - "Ижара менен кийин сатып алуу " механизми аркылуу катышуучуларынын тизмелерин түзүү жөнүндө жарыялайт.
60 батирлүү 5 кабаттуу турак жай бюджеттик өкүлдөрү үчүн гана ыйгарылган. (бир бөлмөлүү жана эки бөлмөлүү батирлер). Бул механизмдин артыкчылыгы баштапкы төгүмдүн жоктугу жана пайыздык чен- 6 % жылдык 15 жылга саналат.

Программага катышуу учун талаптар:
- Курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык насыянын акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары Программанын катышуучусу болушат.
- Жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же соңку иштеген жеринде иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо.
- Программага катышуучуда, катышуучунун куйөсүндө(аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында катышууга арыз берген кунгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу
- Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүулугу.
Азыркы учурда катышуучуларынын тизмелери түзүлүүдө.
Бир чарчы метр 40 миң сомдон сатылат, толук маалымат алуу үчүн
төмөнкү шилтемени колдонсо болот. https://www.tazabek.kg/news:1560936?from=tazabek&place=mainlast
0 (312) 988901, 0(553) 534043,
Whatsapp : 0706019335

