- Башкы бет
- Ипотека ийгиликтери
- 2019 жылдын 15-июлунда "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у 4 жылдык мааракесин ...
2019 жылдын 15-июлунда "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у 4 жылдык мааракесин белгилейт.
15 Июля 2019
2019 жылдын 15-июлунда "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у 4 жылдык мааракесин белгилейт.
Төрт жылдын ичинде "МИК" ААК-у өзүнүн ишмердүүлүгүндө төмөнкү натыйжаларга жетишти:
- 4279 ипотекалык насыя берилди, алардын жалпы суммасы 4,9 млрд. сомду түздү, анын натыйжасында 238568,99 даяр турак жай сатып алынды.

- Жеке турак-жай куруу механизми боюнча 18895 кв. метр эксплуатацияга киргизилди.

- 2 турак жай объектиси эксплуатациялоого киргизилет: "60 батирлүү 5 кабаттуу турак жай” ( Нарын шаары)”, “135 батирлүү 9 кабаттуу турак жай” ( Тунгуч микр, Бишкек шаары) -жалпы аянты 8415 чарчы метр.

- Биринчи жолу Кыргызстанда 200 млн сомго ипотекалык баалуу кагаздардын ачык эмиссиясы ишке ашырылып, бүгүнкү күндө алардын баары жайгаштырылган.
- "МИК" ААК-у жарандардын бардык категориясы үчүн "Жеткиликтүү ипотека" багытын ишке киргизди.
- "МИК" ААК-у биринчи жолу “Ижара менен сатып алуу” механизимин ишке киргизди. Ал механизмдин артыкчылыгы-баштапкы төгүмдүн жоктугу, ай сайын гана төлөп туруш керек.
- "МИК" ААК-у биринчи жолу “ Кыргызстандагы банктардын Кубогу ” банктар аралык турнирине катышып, жана анын төрттөн бири финалына чыкты. “МИК” ААК-ун командасы "Кыргызстандын банктар Союзунун" уюштуруучу тобу менен "Жеңишке болгон умтулуу үчүн " диплому менен сыйланды.




