- Башкы бет
- Ипотека ийгиликтери
- «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК-у батирлерди ижара менен сатып алуу механизмы аркылуу...
«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК-у батирлерди ижара менен сатып алуу механизмы аркылуу тизмелерди түзүү башталышы тууралуу кабарлайт.
04 Июля 2019
«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК-у Бишкек шаарынын, Тунгуч кичи районундагы “ 135 батирлүү 9 кабаттуу турак жайды” эксплуатацияга берүү жөнүндө жарыялайт.


Бир бөлмөлүү батирлер бюджеттин мекемелердин гана өкүлдөрүнө ижара менен сатып алуу механизмы менен берилет. (баштапкы төлөмү жок).
Программага катышуу учун талаптар:
- Курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык насыянын акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары Программанын катышуучусу болушат.
- Жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же соңку иштеген жеринде иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо.
- Программага катышуучуда, катышуучунун куйөсүндө(аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында катышууга арыз берген кунгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу
- Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү.
Арыз берүү үчүн Бишкек шаарынын райондук администрацияларына кайрылыңыздар.

