- Башкы бет
- Ипотека ийгиликтери
- 2019-жылдын 13 июнунда "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у "Кыргызстан-Кытай" Бизнес-форумуна ...
2019-жылдын 13 июнунда "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у "Кыргызстан-Кытай" Бизнес-форумуна катышты.
2019-жылдын 13 июнунда "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК-у "Кыргызстан-Кытай" Бизнес-форумуна катышты.
Форумдун салтанаттуу ачылышында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер–министри Кубатбек Боронов жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин соода-экономикалык маселелери боюнча кеңешчиси Ли Юе катышты. Кубатбек Боронов баса белгилегендей, Кытай инвестициялык мекемелери менен соода-экономикалык мамилелерди жөнгө салуу жана байланыштарды өркүндөтүү, эки өлкөнүн ортосундагы соода жана инвестициялар жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн негизги ролду ойнойт. Ошондой эле бизнес-форумга Кыргыз Республикасынын Министрликтери, ири холдингдер, банктар, жана Кытайдын ири корпорациялары катышты.
Белгилей кетсек, бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча Кытай Эл Республикасы менен 7 миллиард АКШ доллардан ашык суммага бир катар документтерге кол коюлду, алар тоо-кен өнүктүрүү, агроөнөр жай, билим берүү, курулуш тармактарына багытталат.



