- Башкы бет
- Ипотека ийгиликтери
- «МИК» ААКнун өкүлдөрү иш сапары менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарында болду.
«МИК» ААКнун өкүлдөрү иш сапары менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарында болду.
2019-жылынын апрель айында «МИК» ААКнун Башкармасынын төрөгасынын орун басары Джунушалиев Туратбек Шаршенкулович баш болуп «МИК» ААКнун өкүлдөрү иш сапары менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарында болду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аймактардагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү менен иш сапарын алкагында жолугушуулар өткөрүлдү жана төмөнкү көрсөтүлгөн маселелер талкууланды:
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын иш чараларын аткаруу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымат берүү.
• Программанын алкагында эконом-класстагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш маселесин менен таанышуу, Баткен, Жалал-Абад, Ош шаарларындагы жер тилкелерин жана долбоордук-сметалык документтерин изилдөө, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарында көп жана аз кабаттуу жеке турак-жайларды курууга багытталган чараларды көрүү.
• Ипотекалык насыялоонун өнүктүрүү маселелери: Программанын катышуучуларынын тизмесин түзүү жана Программанын механизмдерин жана анын каржылоо шарттарын талкуулоо


Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иш сапардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын алкагында мамлекеттик ипотеканы жеткиликтүүлүгүн өркүндөтүү боюнча бир нече өтүнүчтөр жана сунуштар түштү.

