- Башкы бет
- Ипотека ийгиликтери
- Куттуктоо!
Куттуктоо!
19 Октября 2017
Майрамыңыздар менен, урматтуу социалдык тармактын кызматкерлери!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын социалдык тармакта эмгектенип жаткан кызматкерлери – социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен кызуу куттуктайбыз!
Сиздер жашоо-турмушубуздагы жеңил болбогон тармакты алдыга сүйрөп, далай иштерди аткарасыздар. Адамдардын социалдык ал абалынын жогорку денгээлде болушу, муктаждыктары боюнча ар кандай маселелерди зарыктырбай чечүү үчүн талыкпай кам көрүп келесиздер.
Сиздердин иш-аракетиңиздердеги чын жүрөктөн болгон инсандык ар бир мамиле чоң урмат-сыйга татыйт!
Учурдан пайдаланып, сиздердин бардыгыңыздарга бекем ден-соолук, кажыбаган кайрат жана албан ийгиликтерди каалайбыз!
“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК эмгек жамаатынын атынан
Шамкеев Бактыбек Абылкасымович

