- Башкы бет
- Ипотека ийгиликтери
- Майрамыңыздар менен!
Майрамыңыздар менен!
Урматтуу Апалар, эже-карындаштар, кыздарым!
Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын мырзаларынын атынан барыңыздарды 8-Март майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!
Табияттын керемет Жаз мезгилинде белгиленген бул майрамдын мааниси биз үчүн эбегейсиз зор!
Жаз жаңыланууну, сулуулукту, назиктикти, ал эми 8-Март аялзатынын аруулугу, асылдыгы алдыда турушу үчүн улуу күрөштүн жеңишке ээ болгонун даңазалаган майрам!
Адамзат коомунун өнүгүшүндө, жашоо-турмуштун ар кандай оош-кыйыштарындагы кыйынчылыктан чыгууда кажыбаган кайраттуулуктун калыбын бузбай улантып келе жаткан эмгегиңиздер опол тоодой экендигине таазим этебиз!
Барыңыздарга бекем ден-соолук, аялзатына таандык бакыт, улуулук-сулуулук ширелишкен асылзаада акылмандыгыңыздар ар дайым абдан арбыштуу боло берсин!
“МИК” ААК Башкармасынын төрагасы
Шамкеев Бактыбек Абылкасымович


