- Биринчи бет
- Компания жөнүндө
Компания жөнүндө
Компанияны түзүү тарыхы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы Токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай – 2015-2020” Программасы (Программа) бекитилген.
Аталган Программаны ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы Токтому менен «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» Ачык акционердик коому уюшулган.
Уставдык капиталы 10 млн. сом. (“МИК” ААКнын акционерлердин 2016-жылдын 17-февралдагы кезексиз чогулушунун чечимине ылайык компаниянын уставдык капиталы 310 млн. сомго чейин көбөйтүлгөн).
Негизги акционери (акциялардын 100%) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фонду болуп саналат.
Компаниянын максаты:
– Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу жана шарттарды түзүү.
Компаниянын милдеттери:
– МИКти капиталдаштырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жаңыдан уюштурулуп жаткан банктын капиталына болгон учурдагы талаптарынан кем эмес деңгээлде жетишүү;
– Кыргыз Республикасынын жарандарын ипотекалык турак-жайлык насыялоо;
– Кыргыз Республикасында ипотекалык насыялоонун атайын программаларын иштеп чыгуу, анын ичинде түрткү берүүчү экономикалык класстагы турак-жай сатып алуу.

